Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 26.07.2019 10:43

Чаткал дарыясына түшүп кеткен 21 жаштагы жигитти Өзбекстандын куткаруучулары да издеп жатышат

Река Чычкан
Река Чычкан

Turmush -  19-июлда Чаткал районунун Ак-Таш айыл аймагында Чаткал дарыясына түшүп кеткен 21 жаштагы Н. уулу Б. табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чаткал дарыясы окуя болгон жерден 800 метрден кийин Өзбектандын аймагына өтүп кетет. 25-июль күнү издөө иштерине Таш-Көмүр шаарынан 6 куткаруучу, чек ара кызматынан 11 аскер тартылган. Натыйжа болбогондуктан саат 20:20да издөө иши убактылуу токтотулду.

Мындан сырткары Өзбекстандын ӨКМнен 6 куткаруучу тартылып, өздөрүнүн аймагында издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×