Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 06.08.2019 14:26

Чаткалда көчөлөрдүн бирине коомдук ишмер А.Кубатбековдун ысымы ыйгарылды

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы көчөлөрдүн бирине коомдук ишмер Анарбек Кубатбековдун ысымы берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, көчөнү ачуу салтанатына Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев баштаган жетекчилер, айыл тургундары, маркумдун уул-кыздары катышты. Коомдук ишмердин ысымы ыйгарылган көчөгө түнкү жарыктар орнутулуп, пайдаланууга берилди.

А.Кубатбеков Чаткал районунун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмер катары белгилүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×