Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баракелде, Бишкек 14.02.2014 10:45

Оштогу орто мектептерде эне тилди коргоонун эл аралык күнүнө карата жумалык өткөрүлөт

Turmush -  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык, шаардагы окутуу бардык тилде жүргүзүлгөн мектептерде «Эне тил эл-жерди таанытат» аттуу ураандын алдында 13-февралдан 22-февралга чейин жумалык өткөрүлөт. Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалгынан маалымдашты.

Иш-чаранын алкагында мугалимдер арасында мыкты сабактын иштелмеси, класстык сааттар уюшулмакчы. Ал эми окуучулар арасында өз эне тилиндеги чыгармаларынын сынагы, өз тили тууралуу дилбаян боюнча сынактар уюштурулууда.

Жумалыктын жыйынтыгы шаардагы №8 М.Горький мектеп гимназиясында ар кайсы улуттагы мектеп окуучулары, мугалимдери, шаардагы усулдук бирикме жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулканасы уюштуруп жаткан бул иш-чара ар кайсы тилдеги жарык көргөн китептердин көргөзмөсү, ошондой эле окуучулардын эне тилге арналган концерттик программасы менен коштолмокчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×