Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.02.2014 19:01

Чаткалдын Каныш-Кыя айыл округунда өрттөнүп кеткен кайрадан курула баштады

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округундагы А.Айымбетов орто мектебинин имараты өткөн жылы өрттөнүп кеткен.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, быйыл анын ордуна жүз окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу башталууда. Мектеп курулушун колго алган ТЧКА ЖЧКсынын жетекчиси Жаркынбек Мавляновдун билдиришинче, мектептин жалпы курулушуна 13 млн 394 миң сом каралган.

Бүгүнкү күндө мектептин жерпайынын орду казылып, даярдалды. Мектеп келерки окуу жылына даяр болмокчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×