Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 20.02.2014 17:38

Чаткал районунун жаңы конуштарына электр мамыларын орнотуу маселелери чечилүүдө

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү үчүн жаңы конуштардагы талапка жооп бербеген ар кандай мамылардын ордуна Чаткал өрөөнүнүн жогорку жагындагы Чанач аймагынан карагайларды тартып келип, жаңы конуштарга электр мамы катары пайдалануу маселеси каралууда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бул ишке уруксат алуу үчүн райондук жетекчилик тарабынан КР Токой чарба айлана чөйрөнү коргоо агенттигине кат жөнөтүлгөн. Маселе оң жагына чечилип калса, жаңы конуштарга талаптагыдай электр энергиясын жеткирүү колго алынмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×