Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 21.02.2014 10:15

Чаткал райондук санэпидкөзөмөл борборуна республикадан керектүү өлчөмдө дезинфекциялоочу каражаттар бөлүнүп берилди

Turmush -  Жакында Чаткал райондук санэпидкөзөмөл борборуна республикадан керектүү өлчөмдө дезинфекциялоочу каражаттар бөлүнүп берилди. Бул тууралуу райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, эми жаз келээри менен айылдардын ички арыктарын жана каналдарын дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап, ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча чоң аракеттер көрүлөт.

Анын билдиришинче, дезинфекциялоочу каражаттарды чачуу иштерине айыл тургундары жабыла көмөк көргөзүп, арык, каналдарды жаз алды менен тазалап, даярдап берүүлөрү керек. Антпесе, акыр-чикир тазаланбаган арык, каналдарга дары чачуу пайдасыз. Ошондуктан, айыл башчылары айыл тургундарын уюштуруп, бул ишке жардам берүүлөрү тийиш.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×