Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
БаракелдеЧаткал району, Бишкек 24.02.2014 17:15

Чаткалда мектеп окуучулары арасында «Мен мекендин коргоочусумун!» аталышындагы сынак болуп өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен «Мен мекендин коргоочусумун!» аттуу иш чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

21-февраль күнү өткөрүлгөн иш-чарага С.Байдөөлөтов, С.Исмаилов, Т.Жаналиев жана С.Мырзалиев атындагы орто мектептердин жогорку класстын окуучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында марш тебүү, жоокердик ыр аткаруу, автомат куроо жана бузуу, эстафеталык чуркоо сыяктуу номерлер аткарылып, катышуучулар жеке жана командалык түрдө өздөрүнүн ар тараптуу жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, атайын түзүлгөн калыстар тарабынан бааланды.

Жыйынтыгында, 1-орунду Т.Жаналиев орто мектебинин «Дем» командасы, 2-орунга С.Байдөөлөтов орто мектебинин «Барс» командасы жана 3-орунду С.Мырзалиев атындагы орто мектебинин «Жалын» командасы ээледи.

Ошондой эле, бир катар активдүү катышуучуларга ар түрдүү номинациялар менен сыйлыктар тапшырылды.

Жеңишке жеткен командалардан активдүү катышуучулар тандалып, март айында облустук деңгээлде боло турган сынакка катышат.

Чаткал

Чаткал1

Чаткал2

Чаткал3

Чаткал6

Чаткал4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×