Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 24.02.2014 18:13

Чаткалдын Сумсар айылындагы этностук кыргыздардын бирөө гана пенсия алат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагында 40 үй-бүлө же, 85 этностук кыргыздар бар. Мамлекетибиз эгемендүүлүккө жаңы ээ болгон жылдары бул боордошторубуз коңшулаш Өзбекстандан, Тажикстандан көчүп келишкен, деп билдирди аймактык кабарчы.

КР жарандыгын алууга 31 үй-бүлө арыз жазып, алардын ичинен 19 үй-бүлөгө паспорт берилген жана 25 үй-бүлө жөлөкпул алат.

Ал эми, пенсия курагындагылардын көпчүлүгүндө пенсия алуу боюнча маселелер болуп, учурда алардын бирөөсү гана пенсия алат. Ал Тажикстандан көчүп чыгаарда өздүк документтерин толук ала чыккан жана ал документтери пенсия алууга мүмкүнчүлүк берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×