Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 12.03.2014 12:47

Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында Чаткал районунда кары адамдарга жардамдар берилип жатат

Turmush -  Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгынын алкагында Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Дөлөкеев Молдобекке барып, анын жашоо-шарты, ал-акыбалы менен таанышып, колдоо иретинде миң сом акча жана белек-бечкектерин берип кайтты. Бул тууралуу райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынан билдиришти.

Андан соң, 1-топтогу майып Эшкараев Орозбекке да барып, ага эки миң сом акчалай жардам жана белек-бечкектерин берди.

Ал эми, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаев айыл аймактагы 1-топтогу үч майып жаранга жалпысынан жети миң сом акчалай жардамын берди.

Аталган бир айлыктын алкагында учурда район аймагында бир топ иштер аткарылууда, деп кошумчаланат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×