Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.03.2014 13:18

Чаткалдын «Ак таш» чек ара тозотуна окуучулар концерттик программа тартуулашат

Turmush -  Чаткал районунда «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына» карата райондун маданият үйүнүн кызматкерлери «Ак таш» чек ара тозотуна концерттик программа тартуулап келишкен. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Муратбек Досматов билдирди.

Анын айтымында, учурда чек ара тозотторунда өтүп жаткан ар кандай иш-чаралар «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын» алкагында уюштурулууда.
«Эртең, 19-мартта К.Усупбеков атындагы орто мектептин окуучулар да «Акташ» чек ара заставасына барышып, өздөрүнүн концерттик прогораммасын тартуулашат. Аскердик жашоо менен таанышат. Мындан окуучуларда патриоттук сезимдери дагы тереңдейт, деп ойлойм», - дейт акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×