Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 24.03.2014 11:20

Чаткалда «Мекеним менин Кыргызстан» сынагы өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун борборунда ОИИБ жана ӨКМдин облусттук бөлүмү, облусттук аскер комиссариаты жана облустук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте «Мекеним менин Кыргызстан» аттуу ураан алдында мектеп окуучулары арасында «Мыктыгер» сынагы өткөрүлдү.

Чаткал РИИБдин өспүрүм балдар менен иштөө боюнча инспектору Абдила Эрдолатовдун айтымында, он бир команданын ичинен «Мыктыгер» командасы биринчи орунга ээ болуп, жалпы жыйырма окуучудан турган «Чапчыма» командасы бешинчи орунга ээ болду.

21-март күнү районго намыс алып келген «Мыктыгер» командасынын улан-кыздарын район акими жана башкалар куттукташып, аларга облустук иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан даярдалган Ардак грамоталарды жана жалпы команда үчүн баалуу сувенирди салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Маалым болгондой, чаткалдык улан-кыздардын облустук иш-чарасын каржылоого райондук жетекчилик жана айыл аймактары көмөктөшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×