Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
БаракелдеЧаткал району, Бишкек 31.03.2014 16:03

Дүйнөлүк чемпионатка катыша турган чаткалдык жаш спортчуга аким, айыл аймактары материалдык колдоо көрсөттү

Turmush -  Дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алган Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун тургуну, жаш спортчу Нуркамил Дүйшөнкул уулуна каржылык колдоо катары 35 миң сом акча каражаты берилди. Бул тууралуу Чаткал райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Замирбек Белдибеков аймактык кабарчыга билдирген.

Бул боюнча колдоо көрсөткөн райондун акими Канжарбек Эшалиев өз каражатынан 5 миң сом, райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү 5 миң сом, Чаткал айыл аймагы 10 миң сом жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 15 миң сом берилди.

Чаткалдык жаш спортчу Н.Дүйшөнкул уулу спорттун каратэ-до түрүнүн wsk түрү боюнча ушул жылдын апрель айында Косово шаарында (Югославия) өтө турган дүйнөлүк чемпионатка аттанганы турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×