Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.04.2014 14:56

ЧаткалдынЖаңы-Базар айылына өткөн жылы Экотехинспекция тарабынан экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 13 миң сом айып пул салынган

Turmush -  Чаткал районунун Жаңы-Базар айылдык кеңешинин төрагасы Урал Сейталиев өткөн жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан айыл аймакка экологиялык мыйзам бузуулар боюнча 13 миң сом айып пул салынганын билдирди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

У.Сейталиев бүгүн, 18-апрелде «Таза жашоо - чың ден соолук» аттуу тегерек столдо билдиргендей, быйыл айылдардагы тазалыкка көңүл буруу керек.

Айылдык ден соолук комитетинин башчысы Уланбек Алчынбек уулу 23-апрелде айылда тазалык акциясы өткөрүлөөрүн билдирди. «Таалай Бектурганов» көчө комитетинин башчысы Муратбек Эшимбетов болсо, жалпы айыл аймак боюнча тегерек стол өткөрүүнү сунуштады.

Катышуучу Таласбаева Нуржамал Союз мезгилиндегидей «Үлгүлүү үй» номинациясын, Чаткал районунун алдыдагы 80 жылдык мааракесине карата «80 жылдыкка 80 көчөт» иш-чарасын өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми Жайна Нарынбетова ден соолук комитетинин мүчөлөрү дүкөндөрдөгү мөөнөтү өткөн азык түлүктөрдү, ичүүчү туздардын йоддуулугун текшерүүгө юридикалык укугу бар экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×