Turmush — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары чиркейлердин көбөйгөнүнө тынчсызданып жатышат. Алардын айтымында, буга чейинки жылдары чиркей мынчалык көп болгон эмес.
«Кичинекей неберелерибизди эшикке алып чыгууга да коркуп калдык. Чиркейлер үйүр-үйүр болуп учуп жүрүшөт. Оозуңду ачып калсаң, кирип кеткенсип, абдан активдүү болушууда. Адатта чиркейлердин көптүгү көл жээгинде байкалчу. Бирок биз көл жээгинен алысыраак жайгашкан үйдө жашайбыз. Короодогу чиркейлердин көптүгү бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Бул чиркейлерге каршы дарылоо иштери жүргүзүлөбү?» — деген суроо узатты жергиликтүү тургун.
«Видеодогу курт-кумурскалар, сыягы, "Chaoborus" тукумундагы чиркейлер болушу мүмкүн. Мындай чиркейлер сыяктуу эле балыктар үчүн жакшы тоют болуп эсептелет. Бул тукумдагы чиркейлер адамдарга зыянсыз.
Бирок сүрөттөн алардын канат сымал мурутчалары так көрүнбөйт. Ошондуктан булар чиркей-звонецтер болушу да мүмкүн. Алар да зыянсыз.
Бул эки түр тең белгилүү бир мезгилде массалык түрдө чыгат. Азыр кыштап чыккан личинкалар бат эле куурчакка айланып, андан чоң чиркейлер учуп чыга турган учур болуп жатат. Көлдүн жакын жайгашканы да муну түшүндүрөт. Анткени мындай түрлөр ири жана таза көлмөлөрдү жактырат.
Ал эми адам чаккан кадимки чиркейлер ар кандай эле көлчүктө көбөйө берет. Алар үчүн суунун таза же булганыч болгону анчалык маанилүү эмес, дээрлик жыл бою пайда боло алышат», — деди биолог адис Ирина Стежко.