Turmush — Бүгүн, 7-апрель — Элдик революция күнү Манас шаарынын Эркиндик аянтында белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарада революцияда шейит кеткендер эскерилип, аларга багышталып Куран окулду. Эскерүү митингине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Манас шаарынын мэриясынын жетекчилиги жана Апрель революциясынын катышуучулары катышты. Жетекчилер ошол мезгилдеги Элдик революциянын талаптары, багыттарына токтолушту.
Апрель окуясынын катышуучусу Анархан Жаныбаева Эркиндик аянты ыңкылаптар өткөн тарыхый жай болгонун, тарых үчүн аянт сакталып калышы керектигин белгиледи.
- 2010-жылы 7-апрель окуясында Жалал-Абад облусу боюнча 62 адам жаракат алып, 2 адам каза болгон.