Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда 6-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган «Чуркоо-кросс» иш-чарасы өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, мелдеш 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку айымдар, мырзалар арасында өтүп, катышуучулар ден соолукту чыңдоонун жана активдүү жашоо образын жайылтууну көздөштү.
Иш-чара Нарын облустук спорт башкармалыгы жана айылдык ден соолук комитети тарабынан уюштурулду. Жыйынтыгында байгелүү орундарды алган катышуучуларга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.
Мелдешке 55 адам катышты.