Turmush — Бүгүн, 8-апрель күнү эртең менен Кара-Балта шаарында жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Алдын ала маалыматтар караганда, шлагбаумдун жанында 5 жигит бара жаткан унаа даракка урунган.
Жайыл райондук аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен ошол жерде 1 жигит көз жумган. Дагы бири реанимацияда оор абалда жатат.
Кийинчерээк өткөн түнү Кара-Балтада 2 жол кырсык болуп, адам өмүрү кыйылганы белгилүү болду.
Ал эми Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык 8-апрель күнү менен саат 05:30 чамаларында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө болгонун билдирди.
Маалыматка караганда, «КИА К5» үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүкү карай бара жатып оң жактагы жол тосмону, бакты сүзүп, андан соң токтоп турган «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаага барып урунган. Анын кесепетинен жүргүнчү катары бара жаткан 1 жаран каза болгон. Айдоочу менен дагы бир жүргүнчү Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилген.