Turmush — Ак-Талаа районунун Баетов жана Терек айылдарында бак-дарактын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Баетов айыл өкмөтүнөн маалымдашкандай, Баетов айылынын борбордук аянтына, «Жеңиш» сейил багына жана Оогон-Баткен эстелигинин жанына жалпы 100 түп карагай отургузулду. Карагайлар жергиликтүү бюджеттин эсебинен 170 миң сомго Нарын шаарынан алынып келинген.
Ал эми көчөт отургузуу иштерин бала бакчалардын кенже кызматкерлери жана айыл өкмөттүн кызматкерлери аткарышты.