Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 22.04.2019 16:01 На русском

Бишкекке иш сапары менен келген токой чарбанын кызматкерин сабап кетишти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бишкек шаарына иш сапары менен келген Жалал-Абад облусунун Чаткал токой чарбасынын кызматкери К.О. ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар кабарлады.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 5-апрель күнү борбордогу мейманкалардын жанында болгон. Кызматкер тамеки алып келүү үчүн сыртка чыкканда бейтааныш адамдар сабап, аны жип менен муунтууга аракет жасашкан.

Кызматкер алган жаракатынан улам борбордо дарылануудан баш тартып, Чаткал райондук ооруканасына жаткан. Анда 8 күн жатып чыкканын аймактык ооруканадагылар тастыктады.

Чаткал райондук ооруканадан алынган маалыматка караганда, жабырлануучуга жардам көрсөтүлгөн.

«Бейтаптын баш мээси жана көзү жабыркаган. Бизге келгенде моюнунда шишик болгон. Ал ооруканага түшкөндө райондук ички иштер бөлүмүнө кабар берилген, алар болгон жагдайды жазып кетишкен», - деп билдиришти ооруканадан.

Чаткал райондук администрациясынан дагы кызматкердин токмоктолгонун ырасташты.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан: «Чаткал РИИБ токой чарбасынын кызматкери ооруканада жатканы боюнча алган материалды топтоп, Бишкек шаарына жиберилген. Бул ишти борбордогу укук коргоо органдарынын кызматкерлери тергешет», - деп маалымдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×